• Жекшемби 19 Бугу 2024
  • Воскресенье 19 Май 2024

Депутат рэпер Моргенштерндин Кыргызстанга келишине каршы болуп, министрге кайрылды

16 Кулжа 2023 12:51 Бишкек Govori.TV

“Ата-Журт Кыргызстан” фракциясынын жыйынында депутат Алишер Козуев рэпер Моргенштерндин Кыргызстанга келишине каршы экенин билдирип, Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигин чара көрүүгө чакырды.

Ал эми министр Максүтов Орусиялык рэпер Моргенштернди Бишкекте өтө турган Alga Fest музыка фестивалына катыштырбоо аракети болуп жатканын айтты.

“Моргенштерн боюнча иш алып барып жатабыз. Тапшырма бердик. Имараттын (концерт боло турган) жетекчиси менен да сүйлөштүк. Бул боюнча биздин да пикир сиздикиндей эле. Анткени Моргенштернге Орусияда кылмыш иши козголгон экен”, — деди ал.

Теги:
Количество просмотров: 95