Бүгүн, 20-апрелде Башкы прокурор Курманкул Зулушев парламенттин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери боюнча комитети, ошондой эле Укук тартиби, кылмыш менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитетине отчет берүүдө.
Анда Жогорку Кеңештин депутаты Зарылбек Рысалиев парламенттин тармактык комитетинин жыйынында Башкы прокурор Курманкул Зулушевден мурдагы Башкы прокурор Өткүрбек Жамшитовдун каякта экенин сурады.
Зулушев Жамшитовго бир да иш козголуп, же аны издөө тууралуу маселе болбогондуктан, эл катары эркин жашоодо экенин айтты.
Депутат Рысалиев кимдин кандай иш кылганы баарына маалым экенин, Өткүрбек Жамшитовдун кандай иштегени боюнча айтып бере аларын кошумчалады.