• Шаршемби 24 Кулжа 2026
  • Среда 24 Июнь 2026

Депутат Рысалиев тергөө менен келишим түзүү ыкмасы өзүн актаган жок деп эсептейт

15 Чын куран 202111:21 Бишкек Govori.TV

ЖК депутаты Зарылбек Рысалиев Кыргызстанда тергөө менен келишим түзүү ыкмасы өзүн актаган жок деп эсептейт. 15-апрелде парламенттин жалпы жыйынында сүйлөп жатып ал муну куралга айланган ыкма деп сыпаттады.

“Кээ бир тергөөчүлөр муну курал катары колдонуп жатышат. Айыпталуучуга карата бул берене курал катары колдонулуп жатканы баарыбызга чындык”, — дейт ал.

Кыргызстанда 2019-жылы жаңы Жазык кодекси иштей баштаган. Ага ылайык, айыптоочу жана жактоочу тараптар кызматташуу тууралуу процессуалдык келишим түзүп, жаза чарасы жумшартылат. Кылмышка шектүү тарап бул үчүн тергөөгө жардамдашып, башка шектүүлөр тууралуу маалымат берүү милдетин алат.

Количество просмотров: 95