• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Рысалиев: «Кыргызстан», «Биримдик» «Мекеним Кыргызстан» партиясынын эсебинен жаңы Ак үй салдырып албайлыбы

4 Жетинин айы 2020 12:35 Бишкек Govori.TV

«Кыргызстан», «Биримдик», «Мекеним Кыргызстан» партиясынын эсебинен жаңы Ак үй салдырып албайлыбы. Мындай пикирди бүгүн, 4-ноябрда депутат Зарылбек Рысалиев билдирди.

«Жогоруда Кожобек Жайчыбекович  Ак үйдү талкалагандарды жоопко тартуу керектигин билдирди. Мен буга жооп кылып коёюн, талкаланышына эмне себеп болду? Үч партия себеп болду. Андыктан «Кыргызстан», «Биримдик», «Мекеним Кыргызстан» партиясынын эсебинен жаңы Ак үй салдырып албайлыбы кандай дейсиңер», — деди Рысалиев.

Бул арада депутат  Евгений Строкова Рысалиевдин айткандарын сындады.

Эске салсак, шайлоонун жыйынтыгына нааразы болгон митингчилер 6-октябрда Ак үйдү басып алышкан. Буга чейин депутат Акылбек Жапаров Жогорку Кеңештин имаратын калыбына келтирүү үчүн 450 миллион сомго жакын каражат керектеле турганын айткан. Ал эми президенттин милдетин аткаруучу, өкмөт башчы Жапаров Ак үйдү оңдоо иштерине 450 миллион сом кетет экен деген маалымат туура эмес экенин билдирген болчу.

Ал эми Жогорку Кеңештин депутаты Марлен Маматалиев акыркы кырдаалдардан улам Ак үй оңдоп-түзөө иштерине муктаж экендигин айтып, бирок 90 %дан  кем эмес депутаттар өз иш бөлмөлөрүн, өз чөнтөгүнөн чыгарып берүүгө кудуреттери жетерин айтып чыккан.


Количество просмотров: 76