• Ишенби 20 Чын куран 2024
  • Суббота 20 Апрель 2024

Депутат Рыскелди Момбеков УКМКга суракка чакырылды

1 Кулжа 2021 11:09 Бишкек Govori.TV

Жогорку Кеңештин депутаты Рыскелди Момбеков УКМКга суракка чакырылды. Маалыматты Момбековдун өзү ЖМКлардын бирине тастыктаган.

Маалыматка ылайык, Момбеков бүгүн, 1-июнга чакырылган.

«Мен чакыруу кагазын алган жокмун. Бирок «чакыруу кагазын тапшырып коёлу, сизди таппай жатабыз» деп телефон аркылуу байланышты. Мени кандай таппай жатасыңар? Мен үйдөмүн дедим. Кумтөр боюнча сурашат экен. Мен мурда-кийин өкмөттө иштебесем, 5-чакырылышта болбосом анан Кумтөргө менин кандай тиешем бар? Мүмкүн азыркы комиссиянын мүчөсү катары чакырып жатасыңар десем суроолорубуз бар деди. Бирок саат канчага чакырышарын айта элек», — деди Момбеков.

Количество просмотров: 334