• Шаршемби 24 Кулжа 2026
  • Среда 24 Июнь 2026

Депутат Үсөн Сыдыковго Кыргыз эл Баатыры наамын берүүнү сунуштады

10 Аяк оона 202513:00 Бишкек Govori.TV

Жогорку Кеңештин 10-сентябрдагы жыйынында депутат Айбек Алтынбеков мамлекеттик жана коомдук ишмер Үсөн Сыдыковго Кыргыз эл баатыры наамын берүүнү сунуштады. Буга байланыштуу тиешелүү мекемелерге протоколдук тапшырма берилиши керектигин айтты.

«Алмаз Акунжанович Үсөн Сыдыковичке Кыргыз эл баатыры наамын берүүгө убакыт келди. Ал киши бүгүнкү күндө арабызда жок. Ал кишинин эмгеги бүгүнкү күнү элибиздин оозунда», — деди депутат.

Үсөн Сыдыков 2021-жылы 28-июлда 78 жаш курагында каза болгон. Ал 1943-жылы Ош облусунда туулган. 1971-1992-жылдары Лейлек, Базар-Коргон, Кара-Суу райондорунда, Ош облусунда коммунисттик партиянын жетекчилик кызматтарын аркалаган.

1992-1995-жылдары Казакстандагы соода өкүлү, “Кыргыз дан азык” ишканасынын жетекчиси болуп эмгектенген. 1995-2000-жылдары Жогорку Кеңештин депутаты болгон.

Количество просмотров: 453