• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

Депутат: Шайлоого келбегендерге атайын бир административдик чара колдонолу

15 Чын куран 2021 14:12 Бишкек Govori.TV

Жарандарды шайлоого келүүгө милдеттендирип коюу керек. Мындай пикирн ЖК депутаты Улугбек Садиков жалпы жыйын учурунда сөз сүйлөп жатып айтты.

Анын айтымында, соңку ирет шайлоолорго өтө көп каражат жумшалып, бирок ага шайлоочулардын 30-40 пайызы гана катышышкан.

«Шайлоону милдет жана укук деп экиге бөлсөк. Шайлоого келүү — милдет, ал эми киргенден кийин тандоо жасоо өз укугу болушу керек. Кимди шайлайт же баарына каршы добуш береби, өзү билсин. Ушунча акчаны ысырап кылып, коррупцияга да жол берип жатабыз. Элди шайлоого алып келүү үчүн акча берип, атайын унаа менен ташып жатышат. Шайлоого атайын мыйзам киргизбесек болбойт. Бул ар бир кыргыз жаранынын милдети болушу керек, келбегендерге атайын бир административдик чара колдонолу», — деди Садиков.

Эске салсак, 10-январындагы президенттик шайлоого жана референдумга жалпы шайлоочулардын 39 пайызы, ал эми 11-апрелдеги жергиликтүү кеңештерди шайлоого жана референдумга келгендер 37 пайызды түзгөн.

Количество просмотров: 65