«Кыргыз коомчулугу» коомунун төрагасы Кадыр Кошалиев Жогорку Кеңештин жыйынына келбеген депутаттардын ордуна добуш берген депутат Сайдулла Нышановдун үстүнөн Башкы прокуратурага арыз жазды. Бул тууралуу арызын фейсбуктагы өздүк баракчасына да жарыялады.
«КРнын Башкы Прокурору Ө.А. Жамшитовго
Урматтуу Өткүрбек Асилбекович!
Мыйзам чыгаруу бийлигинде олтурган кээ бир депутаттар өздөрү мамлекеттик кызыкчылыкка кайчы келген мыйзамсыз жоруктары менен коомчулуктун нааразылыгын жаратышууда. «Ата Мекен» фракциясынын депутаты Сайдулла Нышанов өзүнүн видеомаегинде бир жолу эле эмес, ар дайым катарлаш олтурган депутаттар үчүн добуш берип келгенин мактаныч катары айтып жатканы боюнча кылмыш иш козгоп, тергөө иштерин баштоого толук негиз болуп бере турган инцидент экенин сиз да жокко чыгара албайсыз. Демек, мыйзамдардын кынтыксыз аткарылышын көзөмөлгө алган жогорку мамлекеттик органдын башында турган кызмат адамы катары бул ишти өндурүшкө алууңузду өтүнөм.
Кыргыз коомчулугунун атынан, «Кыргыз жолу» коомунун төрагасы Кадыр Кошалиев
Бишкек ш. 20.06.20″,-деп жазылат арызда.
Эске салсак, буга чейин, депутат Сайдулла Нышанов жыйынга келбеген кесиптештери үчүн добуш бергенин билдирген болчу.