• Шаршемби 24 Чын куран 2024
  • Среда 24 Апрель 2024

Нышанов: Шайлоого 75 партиянын ичинен 15и гана катышуусу мүмкүн

8 Аяк оона 2021 15:42 Бишкек Govori.TV

28-ноябрда өтө турган парламенттик шайлоого катышуу ниетин билдирген 75 саясий партиянын ичинен 15и гана шайлоого катышуусу мүмкүн. Мындай пикирин эл өкүлү Сайдулла Нышанов билдирди.

Нышанов билдиргендей, босого чек менен күрөөнүн төмөндөшү партиялардын шайлоого катышуу калоосун арттырды.

«Жогорку Кеңештин шайлоосуна катышуу ниетин 75 саясий партия билдиргени менен анын ичинен 15 гана партия барышы мүмкүн. Себеби миллион сомду дагы төлөй албай калгандар болот. 15 партянын саналуусу гана парламентке өтөт. Жогорку Кеңешке жаңы тартип менен болчу шайлоодо баары козголду окшойт. Бул туура эле көрүнүш»,-деди Нышанов.

Белгилей кетсек, 28-ноябрда өтө турган парламенттик шайлоо жаңы Конституциянын негизинде кабыл алынган мыйзамга ылайык өткөрүлөт. Жаңы келе турган парламентте 90 депутат болот. Алардын 54ү партиялык тизме жана 36сы бир мандаттуу округ аркылуу шайланат.

Количество просмотров: 73