Мындай пикирин бүгүн, 27-октябрда өткөн парламент жыйынында Жогорку Кеңештин депутаты Тазабек Икрамов билдирди.
“Сайттарга, журналисттерге басым болуп жатат. Бул Конституцияга карама-каршы келип жатат. “Азаттык” боюнча дагы, ой-пикирин айткан адамдар боюнча дагы туура бир чечимге келесиздер деген ойдомун”,-деди Икрамов.
Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги “Азаттык Медиа” басылмасынын сайтына эки айга чектөө койду. Министрлик “Азаттык” 14-17-сентябрда кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кагылышууда “Кыргыз Республикасынын кызыкчылыктарына каршы келген такталбаган маалыматтарды тараткан” деген жүйө келтирди.