• Жума 3 Бугу 2024
  • Пятница 3 Май 2024

Депутат: Салык боюнча чыккан Жарлык элге чоң жардам болот

8 Бештин айы 2021 15:23 Бишкек Govori.TV

Президент Садыр Жапаров кол койгон Жарлыкка ылайык, 2022-жылдан тарта дыйкан менен фермелер сугат, кайрак жана чөп чаба турган жерлердин салыгынан бошотулат. Бул каражат республикалык казынадан төлөнөт.

Депутат Тариел Жоробековдун айтымында, салык боюнча чыккан Жарлык элге чоң жардам болот.

«Былтыркы жылы кургакчылык болуп, дыйкандар жакшы түшүм алган жок. Мунун кесепети жазга чейин тиет. Жер салыгына байланышкан жаңы Жарлык айыл жериндеги дыйкандарыбызга жакшы жардам болот. Бирок карама-каршы пикирлер жаралып жатат. Мисалы, жер салыгынан бошотууга байланыштуу жергиликтүү бюджеттин жоготууларын компенсациялоо маселеси мамлекетке оор боло турганы анык, бирок чоң көлөмдө эмес»,-деди депутат.

Количество просмотров: 105