• Бейшемби 4 Кулжа 2026
  • Четверг 4 Июнь 2026

Депутат Салык кызматында мөөр бастыруу үчүн кезек күтүүлөр болуп жатканын айтты

12 Бугу 202013:26 Бишкек Govori.TV

Миңдеген адамдар Салык кызматында маалым катка мөөр бастырайын деп турушат. Бул тууралуу депутат Таабалды Тиллаев  бүгүн, 12-майда Жогорку Кеңештин комитет жыйынында билдирди.

Анын айтымында, жарандарга оңой мүмкүнчүлүк түзүп берүү керек.

«Санариптештирүү деп айтканыбыз менен акыркы күндөрү Салык кызматынан маалым кат алууда кандай кезектер болуп жатат? Жарандарга оңой мүмкүнчүлүк түзүп берүү зарыл. Алар иштейбиз деп аракет кылып жатышат. Бул мамлекет, бюджет үчүн пайда. Миңдеген адамдар Салык кызматында маалым катка мөөр бастырайын деп турушат. Бул маселени штаб менен кеңешип, башка жолун кабыл алсаңыздар жакшы болот эле», — деди Тиллаев.

Количество просмотров: 56