• Дүйшөмбү 29 Чын куран 2024
  • Понедельник 29 Апрель 2024

Депутат Сатыбалдиев эмне үчүн балдарын мамлекеттик кызматта иштетпей жатканын айтты

19 Бирдин айы 2024 15:06 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 19-февралда Жогорку Кеңештин депутаты Элмурза Сатыбалдиев Социалдык саясат боюнча комитет жыйынында тил маселесине токтолуп, бул жаатта жумшак саясат жүрүшү керектигин айтты.

«Азыр эле мыйзамга карап, колу-бутун кайрып, кыргыз тилин үйрөтүп коёбуз деген туура эмес болуп калат деп ойлойм»,-деди ал.

Депутат мындан тышкары, эмне үчүн балдарын мамлекеттик кызматта иштетпей жатканын айтты.

«Менин эки балам сырттан окуп келди. Бирөөсүн дагы мамлекеттик жумушка койгон жокмун. «Күнөө менде, убагында кыргызча үйрөтө албай калыптырмын» деп айттым. Мамлекеттик жумуштун баштапкы тепкичинде окуп жүргөн балдарымды сууруп алдым. «Сен чоңойбойсуң, тил билишиң керек» деп айттым»,-деп кошумчалады Сатыбалдиев.

Количество просмотров: 226