• Ишенби 20 Чын куран 2024
  • Суббота 20 Апрель 2024

Иманалиев Шайлдабековага: «Депутат 2 жолудан ашык депутат боло албайт» деген укукту сизге ким берди?

15 Теке 2021 13:03 Бишкек Govori.TV

Парламент депутаты Каныбек Иманалиев “Президентти жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо жөнүндөгү” жаңы мыйзам долбоору «Кыргызстанды катастрофага алып барат» деген пикирин айтты. Бул тууралуу ал Жогорку Кеңештин 15-июлдагы жыйынында билдирди.

«Ар бир саясий окуядан сабак алып, алдыга жүрүшүбүз керек. Мобул кодекс Кыргызстанды катастрофага алып барат. Нарын облусунун мисалын айтайын. Азыр Нарын облусунан 6-7 депутат бар. Сиздин ушул кодекс өткөндөн кийин 1 депутат болот. Нарын элинин кызыкчылыгы үчүн 6 депутат кармашкан жакшыбы же 1 депутат келген жакшыбы? Сиз элдин укугун азайтып жатасыз. Анан жазып коюптурсуз: — «Депутат 2 жолудан ашык депутат боло албайт», — деп. Мындай укукту сизге ким берди? Дүйнөдө мындай жок. Ал диктатордук өлкөдө гана болот, оппоненттерин жок кылыш үчүн. 10 жыл иштеген хируг тажрыйбалуубу же 15 жыл иштеген хирург тажрыйбалуубу. Чапталбай турандарды чаптап, иштебей туран избирательный кодекстерди алып келиптирсиз. Муну менен Кыргызстан катастрофага барат», — деди депутат.

“Президентти жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо жөнүндөгү” мыйзам долбоорунда жалпы 90 депутаттын 35и бир мандаттуу округдардан, 55и партиялык тизме менен пропорционалдык система менен шайланат.

Мажоритардык система — өз алдынча шайланып келе турган 35 депутаттын округунда 100 миңден шайлоочу болот. Шайлоо күрөөсү – 100 миң сом. Мындай система менен келген депутаттын ыйгарым укугу мөөнөтүнөн мурда токтотулса, жаңы шайлоо өтөт.

Количество просмотров: 4439