• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Депутат Шакиев Кумтөргө байланыштуу комиссия түзүүнү сунуштады

28 Аяк оона 2022 10:42 Бишкек Govori.TV

Кумтөрдөн алтынын иликтөө үчүн депутаттык комиссия түзүүнү сунуш кылам. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин 28-сентябрдагы жыйынында депутат Нурлан Шакиев билдирди.

Анын айтымында, Кумтөрдүн алтыны коомчулукта кызуу талкуу жаратып келет.

«Буга байланыштуу Министрлер кабинети дагы түшүндүрмө беребиз, алтындын граммына чейин айтабыз деди эле. Коомчулукта алтындын сатылышы, жалпы өндүрүлүшү, биздин өлкөнүн энчисине өткөндөн берки иш-аракеттери боюнча кызыгуу көп. Мен мындан улам депутаттык комиссия түзүүнү сунуш кылат элем. Ага фракция лидерлери жана ар бир фракциядан бирден депутат кирсин. Бизге көп кайрылуу, каттар бар. Маселени көз жаздымда калтырбай комиссия түзүшүбүз керек»,-деди Шакиев.

Количество просмотров: 175