Бүгүн Жогорку Кеңештин “Элдик” депутаттык тобу жер мунапысын жүргүзүү жана жер тилкелерин трансформациялоо маселесин талкуулап жатат.
Депутат Жалолидин Нурбаев жерлерге амнистия берүүдө комиссиянын мүчөлөрү, акимдердин орун басарларынын башы катып жатканын айтты. Эл өкүлүнүн пикиринде, 2021-жылдын 7-декабрына чейин үй курулуп калса, ал трансформациялоо боюнча амнистияга кириши керек. Бирок бир топ шылуундар бул учурдан колдонуп жатканын билдирди.
“Шылуундар элдин башын айлантып, үлүш жерлерге фундамент жасап койгондор бар. Аким орун басарлары, комиссиянын мүчөлөрүнүн башы маң болуп, кол койсок эртең эмне деп жооп беребиз деп жатышат. Андыктан биз аларды кылмышка түртүп койбошубуз керек. 2021-жылдын 7-декабрга чейин курулуп калган обьекттер гана амнистияга кирет. Андан кийинкиси мыйзамсыз, ал гуглдан деле көрүнүп турат”,- деди депутат Нурбаев.