• Шаршемби 24 Кулжа 2026
  • Среда 24 Июнь 2026

Депутат соцконтракттын суммасын көбөйтүүнү сунуштады

30 Үчтүн айы 20269:42 Бишкек Govori.TV

Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Токтобүбү Ашымбаева аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдү колдоо максатында берилген “Социалдык контракт” программасынын суммасын көбөйтүүнү сунуштады.

Анын айтымында, 150 миң сом каражатка бүгүнкү күндө жакшы бир иш баштоого деле мүмкүн эмес.

“Социалдык контракттын суммасы 100 миңден 150 миң сомго көбөйдү. Бүгүнкү күндө 150 миң сом менен анчалык чоң иш баштоого мүмкүн эмес. Балким ошонун суммасын жогорулатуу маселесин карап көрөсүздөр. Ушул сунушту тиешелүү мамлекеттик органдар менен карап, өзгөртүү киргизүү маселесин карайсыздар”,- деди эл өкүлү.

Количество просмотров: 176