«Спирт ичимдиктерге эмне үчүн «Манас», «Семетей», «Сейтек» ысымдарын беришибиз керек?». Бул тууралуу бүгүн, 20-ноябрда ЖКнын жалпы жыйынында депутат Камила Талиева сөз сүйлөп жатып айтты.
Анын айтымында тарыхый каармандардын аттарын спирт ичимдиктерине ыйгаруу туура эмес, бул багытта өкмөт тийиштүү иштерди аткаруусу керек.
Белгилей кетсек, Жогорку Кеңештин жыйынында “Манас” эпосу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” мыйзам долбоору биринчи окууда каралып жатат.