• Ишенби 4 Бугу 2024
  • Суббота 4 Май 2024

Депутат Султанбекова: Мандатты алып коюу оңой иш эмес

14 Жалган куран 2023 12:18 Бишкек Govori.TV

Парламент депутатын мандаттан ажыратуу оңой иш эмес. Мындай пикирин Жогорку Кеңештин депутаты Чолпон Султанбекова билдирди.

«Бул маселе абдан оор, мандаттан ажыратуу дагы оңой иш эмес. Биринчиден, ал жерде эмне болгонун билүү керек. Тергөө кандай жүрүп жатканын, мыйзамдуу жагын караш керек. Ишти жакындан билген жокмун. Бир эле убакта мандатын алып коюу оор иш. Башкы прокуратуранын үнүн угуш керек. Ички иштер министрлиги эмне дейт? Убакыт керек. Азыр бир нерсе болсо эле депутаттар күнөлүү болуп жатпайбы. Албетте, эл өкүлү өзүн кандай алып жүрүү керектигин түшүнөбүз, бирок кырдаал кандай болгонун билбейбиз. Ошондуктан башка комментарий бере албайм»,-деди ал.

Эске салсак, 12-марттын кечинде Бишкектеги ресторандардын биринде мушташ болгону тууралуу видео социалдык тармактарга тараган. Андагылардын бири Жогорку Кеңештин депутаты Жаныбек Абиров экени айтылган.

Октябрь райондук ички иштер бөлүмү мушташ Бишкектеги «Золотой дракон» ресторанында болгонун, учурда иликтөө башталганын билдирген.

13-мартта  Абиров аралашкан мушташка тиешеси бар делип, эки жаран кармалды. Ресторанда таяк жеп Улуттук госпиталга түшкөн жаран арыз жазган. Анын негизинде Кылмыш-жаза кодексинин «бейбаштык» беренеси менен иш козголуп, шектүү катары 34 жаштагы жана 35 жаштагы эки адам кармалып, тергөө абагына камакка алынган.

Теги:
Количество просмотров: 870