• Жекшемби 28 Чын куран 2024
  • Воскресенье 28 Апрель 2024

Депутат сууга чөккөн балдар боюнча маселе көтөрүп, өкмөткө кайрылды

4 Жалган куран 2024 15:10 Бишкек Govori.TV

ЖК депутаты Элвира Сурабалдиева бүгүн, 4-мартта Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин жыйынында сууга чөгүп кетип каза болгон балдар тууралуу маселе көтөрүп, өкмөттү тийиштүү иш алып барууга чакырды.

Белгилей кетсек, 2-мартта Бишкектин четиндеги Мурас-Ордо жаңы конушунда беш бала тоңуп калган көлмөдө ойноп жатып сууга түшүп кеткен. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлашкандай, үч баланы жергиликтүү тургундар суудан өз алдынча куткарып, «Тез жардам» кызматына өткөрүп беришти. Ал эми куткаруучулар суудан 9-11 жаштагы эки баланын сөөгүн алып чыгышкан.

Депутат окуя болгон жерге барып, андагы жашоочулардын нааразычылыктарын укканын айтып, кечиктирилгис чараларды көрүү керектигин белгиледи.

Количество просмотров: 104