• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Депутат: Сузактагы 9 жаштагы кыздын өлүмү тыкыр иликтениши керек

2 Бештин айы 2021 12:16 Бишкек Govori.TV

Сузактагы 9 жаштагы кыздын өлүмү тыкыр иликтениши керек. Бул тууралуу бүгүн, 1-декабрда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Тазабек Икрамов  билдирди.

«Сузак районунда 9 жаштагы кызыбыз жоголуп, жансыз денеси табылган. Күнөөлүү адамдар жазасын алышы керек. Көзөмөлгө алуу зарыл», — деди ал.

Эске салсак, 9 жаштагы Сумая 18-ноябрда саат 12:40 чамаларында үйүнөн мектепке кеткен бойдон дайынсыз жоголгон. Аны 63 милиция кызматкери, 250 кишиден турган элдик кошуун жана 150 ыктыярчы тогуз күн издеген. 27-ноябрда кыздын жансыз денеси Арал айылындагы Көк-Арт дарыясынын жээгинен табылган. Жалал-Абад облусунун Сузак РИИБси 9 жаштагы Сумая Хосилжанованын өлүмү боюнча «Киши өлтүрүү» беренеси менен сотко чейинки өндүрүштү баштаган.

Количество просмотров: 103