• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Депутат Түлөбаев: Ишкер Журат Абдуллаевдин кармалышы трагедия

19 Баш оона 2022 14:37 Бишкек Govori.TV

Ишкер Журат Абдуллаевдин кармалышы трагедия. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин депутаты Балбак Түлөбаев Фейсбуктагы баракчасына жазды.

«Бизнесмендин же Кыргызстанда бизнес кылуунун абалы ушундай.
30 жылдагы саясий акыбал, өлкөдөгү акыбал ушинтип бизнесменди тишине чейин куралданып, мыйзамсыз иштерге түрттү. Муну ким кылды саясий бийлик биз, аткаминерлер кылдык. Ар бир шайлоодо чакырып «акча» сурап, жумушчуларын шайлоого айдап атып. Журат Токмокто Гаваи эс алуу борборун салган бизнесмен. Журат камалганга эмес мактоого, орденге арзыйт. Албетте мен бул жеке адамдык пикирим. Журатты такыр тааныбайм. Чай ичип отурганда эмесмин. Өлкөдө бизнести «перезагрузка» кылып атасыңар. Жаңы келгени алып кете алар бекен. Бир башына өлүмдү да көргөн бизнесменди чакырып өлкөгө иште, мындан ары туура жолго бар десеңер ишенип койгула пайдасы милллион болот. Ар бир элдик толкундоодо, үйүн өрттөп, бизнесин өрттөп, балдары өрттүн ичинде чаркырап, чырылдап ыйлап атса анан эмне кылат бизесмен? Бизнеске жаңы багыт, жаңы саясат, жаңы мамиле керек. Отурган бутакты кеспегиле»,-деп жазган ал.

Эске салсак, сүт азыктарын чыгарган «Үмүт жана Ко» ишканасынын ээси, А.Ж.Т. аттуу 1970-жылкы жаран мыйзамсыз курал-жарак, ок-дары жана жардыруучу зат сактаган деген айып менен кармалды.

УКМК тараткан маалыматка ылайык, анын үйүн жана иштеген жерин тинтүүдө «БРДМ-2» үлгүсүндөгү аскер техникасы, танканын үстүнө орнотулган «Калашников» үлгүсүндөгү пулемет баштаган бир топ курал-жарак, ок-дары жана жардыруучу зат алынган. Атайын кызмат тараткан кабарда, кармалган жаран «такай аскер формасын үстүнөн түшүрбөй кийип жүрөрү, агрессияга жакын экени» белгиленген. Учурда бул фактыга байлыныштуу кылмыш иши козголуп, тергеп-иликтөө уланып жатат.

Количество просмотров: 3952