• Жекшемби 28 Чын куран 2024
  • Воскресенье 28 Апрель 2024

Депутат Түлөбаев той-ашка кошумчаны алтын менен алып баруу сунушун чечмеледи

3 Жалган куран 2022 19:17 Бишкек Govori.TV

Жогорку Кеңештин депутаты Балбак Түлөбаев кайрылуусунда той-ашка кошумчаны алтын менен алып барууну сунуштаган эле. Ал билдирүүсү боюнча түшүндүрмө берди.

Түлөбаев кайрылуусунан кийин терс пикирлер айтылып жатканын айтып, төмөндөгүлөргө токтолду.

«Түрктөрдө ушундай салт бар, тойлорго кошумча катары алтын алып барышат. Мына бизде да ушундай шарт түзүлдү. Алтын салып алсак, экономикага жан берет, ошондой эле алып барган үйгө экономикалык инвестиция болуп калат деген ойду айткым келген», — деди депутат.

Количество просмотров: 163