• Шейшемби 16 Чын куран 2024
  • Вторник 16 Апрель 2024

Балбак Түлөбаев: №95 гимназиядагы кырдаал мыйзам чегинде чечилет (видео)

12 Аяк оона 2018 11:46 Бишкек Govori.TV
Бишкек.12.09.2018.Govori.TV.
№ 95 билим берүү гимназиясынын директору Анара Акмашева билим берүү шаардык башкармалыгынын буйругу менен кызматынан бошотулгандыгына байланыштуу бардык педагогикалык жамаат тарабынан нааразычылык жаралып, мугалимдердин баары директору менен кошо ишин таштап кетээрин билдиришкен. Бул ишти кароо үчүн атайын комитет түзүлүп, маселени оңунан чечүү аракеттери көрүлүп  жатканын Бишкек мэриясынын аппарат жетекчисинин милдетин аткаруучу Балбак Түлөбаев айтып өттү. Жана дагы бул №95 гимназиядагы кырдаал мыйзам чегинде чечилерин кошумчалады Балбак Түлөбаев
.»Эми биздагы көп жумуш аткарып  мунун баарын издөөбүз керек. Бул боюнча чогултулган документтер көп анын баарын карап чыгабыз.  Себеби, шаар тургундарынан өтө көп сунуштар, талаптар болуп жатат негизи эле шаардын мектептеринин тегерегинде көптөгөн ычы чуулар чыгып кетти. Бул болгон окуяны биз ойлонуп кандай кылганда акыйкаттык жана кылдаттык менен бул маселени чечүү жолдорун карап чыгабыз. Ошол боюнча мына азар ата-энелер, мугалимдер менен сүйлөшүүгө келдик. Ата-энелерден түшкөн арыздарды карап чыгып анан бир чечимге келебиз. Мен айтып кетмекчимин сабактар эч кандай үзгүлтүккө учурап, балдардын билим алуусуна бөгөт тоспойт. Баардык маселени мыйзам чегинде чечилет»,- деди Түлөбаев.

Количество просмотров: 32