• Жума 10 Бугу 2024
  • Пятница 10 Май 2024

Депутат Түлөбаев Улуттук банктагы алтынды бизнеске жумшоону сунуштады

23 Тогуздун айы 2023 15:20 Бишкек Govori.TV

Парламентте Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү комитетинде депутат Балбак Түлөбаев Улуттук банкта сакталып турган алтынды экономиканы өнүктүргөн долбоорлорго жумшоону сунуштады.

«Улуттук банкта 52 тонна алтыныбыз жөн эле жатат. Мисалы улуттук банктын деле кирешелерин мыйзам менен өкмөткө алып коюп жатпайбызбы. Кытайдын карызын төлөгүлө десем, эми туура нерселерди айтып жатасыңар. Азыр көрүнгөн фонддорду ачып жатпайбызбы, алардын натыйжалуулугун карашыбыз керек. Мыйзам менен бир миллиард долларлык алтынды алып өкмөткө берип койбойлубу. Ошол акчаны орто жана чакан бизнеске берсеңер, өлкөнү өнүгүүгө ошолор алып чыгат. Эмне үчүн жөн турган алтынды колдонбойбуз? Алтынды күрөөгө коюп, акча алып, аны орто жана чакан бизнеске бербейлиби. Алтын жөн эле жата бербей элге иштеши керек да», -деди ал.

Түлөбаевге финансы министри Алмаз Бакетаев жооп берип, бул жабык каралчу маселе экенин, жакында атайын мыйзам долбоорун алып келерин билдирди.

Өткөн аптада Түлөбаев Улуттук банктагы алтындын эсебинен тышкы карыздан кутулууну сунуштаган.

Количество просмотров: 88