• Шаршемби 8 Бугу 2024
  • Среда 8 Май 2024

Депутат төраганы кылмыш иши бар адамды кызматка койдуңуз деп сынга алды

15 Бугу 2020 11:49 Бишкек Govori.TV

14-майда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Каныбек Иманалиев сөз сүйлөп спикер Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитетинин башчылыгына билимсиз, мурда кылмыш жасаган адамды дайындаганын сынга алды.

«Биз эл аралык келишимдер менен иштегендиктен, комитеттин бөлүм башчысы юрист же чет тилди билген адам болушу керек. Сиз комитет менен макулдашпай туруп бир жигитти алып келдиңиз. Анын кылмыш иши бар экен, бүт эл шылдыңдап жатат. Комитеттин 14 мүчөсү парламентте иштеген, төрт тилде сүйлөп, мыйзамды билген кадрды сунуштасак, макулдашпай туруп аны дайындап койдуңуз. Ал бөлүм башчы азыр биз менен эсептешпейт», — деди Иманалиев.

Ошондой эле ал депутаттар мыйзам жазып өкмөттү колдошу керектигин айтып, мактагысы келгендерге эки комуз берип төргө отургузууну сунуштады.

Бул айыптоолор боюнча Дастан Жумабеков кийинчерээк жазуу түрүндө жооп бере турганын билдирди.

Количество просмотров: 568