• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Депутат: Төраганы кызматтан чакыртып алууга орчундуу негиз жок

17 Бештин айы 201915:07 Бишкек Govori.TV

Жогорку Кеңештин төрагасы Дастан Жумабековду кызматтан чакыртып алуу маселесинде орчундуу негиз жок. Бул тууралуу депутат Умбеталы Кыдыралиев билдирди.

“Төраганы кызматынан чакыртып алуу үчүн Жогорку Кеңеште өзүнүн жол-жоболору бар. Эл өкүлү катары баса белгилеп айта турган болсом негиз деле жок”,-деди депутат Кыдыралиев.

Эске салсак, Жогорку Кеңештин депутаты Исхак Масалиев парламенттин төрагасы Дастан Жумабековду кызматтан чакыртып алуу маселесин “Өнүгүү-Прогресс” фракциясына сунуштаганын «Фейсбуктагы» баракчасына жазган эле.

Количество просмотров: 154