Айрым ЖМКларда депутат Талант Мамытов Жогорку Кеңештин төрагасы болот деген пикирлер айтылууда. Буга байланыштуу Мамытов журналисттерге жооп берди.
Анын айтымында, бул маселе күн тартибинде жок.
«Бул маселе парламент аркылуу чечилет. ЖМКларда маалыматтар чыгып жатат. Бирок күн тартибинде мындай маселе жок», — деди Мамытов.
Белгилей кетсек, бүгүн «Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясында Жогорку Кеңештин жыйыны өтүп жатат. Күн тартибинде вице-премьер-министр кызматына Элвира Сурабалдиеванын, Эмгек жана социалдык өнүгүү министри кызматына Аида Исмаилованын талапкерлиги талкууланууда.