ЖК депутаты Акбөкөн Таштанбеков УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевге «Кыргыз-тажик чек арасын тактоону аягына чыгаруу жана коррупцияга каршы күрөштү жок дегенде 70%га чейин бүтүрөсүз деп ишенем» деген пикрин айтты.
«Сиз генералсыз. Президент сизге маршал наамын да бере алат. Бирок дагы бир жогорку наам бар ал полководец. Ал улуттук чоң салгылашууларда жеңишке жеткендерге берилген. Сиз коррупция менен күрөштү жеңсеңиз эл сизге ушул наамды берет», — деди Таштанбеков.