• Ишенби 27 Чын куран 2024
  • Суббота 27 Апрель 2024

Депутат театрга коюлган спектаклди эмне үчүн сынга алганын айтты

5 Тогуздун айы 2023 14:54 Бишкек Govori.TV

Жогорку Кеңештин депутаты Жалолидин Нурбаев театрда коюлган спекталге нааразы болгону боюнча комментарий берди.

«Маданият, искусство деп коомчулукка жылаңач адамды көрсөтүү туура эмес. Адеп-ахлак деген барда. Бул көрүнүштү режиссер, маданият министрлиги көзөмөлдөп коюш керек болчу. Башкача кылып көрсөтсө болбойт беле? деген ойду айткым келет»,-деди депутат.

Эске сала кетсек, 28-сентябрда К. Жантөшев атындагы музыкалык драма театры Бишкекке болгон чыгармачылык сапарынын алкагында КР эл жазуучусу Султан Раевдин повестинин негизинде, Уланмырза Карыпбаев режиссерлук кылган «Күн кармаган бала» спектаклин тартуулашкан. Анда жылаңач жуунуп жаткан бала талкуу жараткан. Интернет колдонуучулардын арасында ача пикир жаралып, бири уят десе, экинчиси искусство деген тартыш жаралган.

Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Алтынбек Максүтов «Күн кармаган бала» спектакли тууралуу талаш-талкууларга байланыштуу комментарий берген. Жалпысынан 17 спектакль көрсөтүлгөн фестивалда «Күн кармаган балага» калыстар тобу жогорку баа берип, баш байгени алганын белгиледи. Аны сындап жаткандарды ошол спектаклди көрүүгө чакырды.

«Спектаклди көрүүчүлөр бир дем менен көрүп, болуп көрбөгөндөй триумф жаратып, азыркы коомчулукта орун алган чоң жараны жарып жиберди. Социалдык тармактарда чыгарманы окубай, аталган спектаклди көрбөй туруп, эки сааттан ашуун убакытка созулган спектаклдин сегиз секунд гана жерин кесип алып, аны коомчулукка жарыялап талкуулап жаткан жарандар, жаш режиссер Уланмырза Карыпбаевдин аталган чыгарманын маани мазмунун чындык менен ачып бериши, эненин балага болгон мээрими жана бүгүнкү коомчулукта болуп жаткан терс көрүнүштөрдү айдан ачык көрсөтүп бергени жакпай калгандыр!? Көркөм чыгармада режиссердун айтайын деген ою, алдына койгон максаты эң чоң мааниге ээ. Аны түшүнүп-билбей туруп, чыгармачылыкка жол тосуп, Жантөшев атындагы Ысык- Көл облустук музыкалуу драма театрынын жана жаш режиссердун ийгилигин көрө албай жаткандар болбосун? Театр тирүү организм. Театр жеке спецификага ээ. Алар чындыкты, конфликти, мүнөздөрдү чагылдыруу, аларды трактовкалоо жана баалоо, тигил же бул идеяны ырастоо драмалык иш- аракеттер менен ишке ашат эмеспи. Бирок оюндун оппоненттери, урматтуу биздин жарандарыбыз бир жагдайды эстеринен чыгарып жатышат окшойт: маселе искусствонун предмети жөнүндө кетип жатат. Ал эми искусстводо биринчи орунда образдуулук турат. Баардык көрүнүштөр, деталдар жаратмандын көркөм -образдуу ой жүгүртүүсүнө, көркөм-образдуу концепциясына гана баш ийдирилет. Ар бир деталь, ар бир штрих чыгарманын жалпы образынын ажырагыс бир бөлүгү болуп саналат. Андыктан ар бир деталды, же көрүнүштү өз-өзүнчө бөлүп кароого мүмкүн эмес. Алардын ар биринин мааниси, мазмуну комплекстүү каралганда гана, образдуу чечилиштин алкагында гана түшүнүктүү болот. Искусствонун өзгөчөлүгү ушунда», — деп жазылган Максүтовдун билдирүүсүндө.

Количество просмотров: 156