• Жекшемби 28 Чын куран 2024
  • Воскресенье 28 Апрель 2024

Ашимова: «Чет элдик өкүл» мыйзамына каршымын

28 Аяк оона 2023 14:20 Бишкек Govori.TV

«Чет элдик өкүл» мыйзамына каршымын. Мындай пикирин Жогорку Кеңештин депутаты Динара Ашимова билдирди.

«Мен бул мыйзамга каршымын. Билим берүү, ден-соолук, социалдык жактарга бейөкмөт уюмдары аркылуу жардам берилип келет. Экология, жашыл экономика маселесин андай уюмдарсыз чече албайбыз. Ошол себептүү кылдаттык менен карашыбыз керек. Менин оюмча, биз укуктук талаада жакшы принциптер менен жашай турган мамлекет катары калышыбыз зарыл»,-деди Ашимова.

Эске салсак, бейөкмөт уюмдарга көзөмөлдү күчөтөт деп сынга кабылган «чет өлкөлүк өкүл» тууралуу мыйзам долбоорун ЖК депутаты Надира Нарматова жазып, былтыр ноябрда коомдук талкууга чыгарган. Башында өзү жалгыз автор болуп көрсөтүлгөн документке дагы 32 депутат демилгечи болуп кошулган. Бирок кийин алардын айрымдары авторлуктан кайра баш тартып жатышат.

“Адилет” укуктук клиникасы бул “чет өлкөлүк өкүл” мыйзамын талдап чыгып, анын 98% Орусиянын “чет элдик агенттер” тууралуу мыйзамынан көчүрүлүп алынганын аныктаган.

Ал эми депутат Надира Нарматова мыйзам долбоору сөз эркиндигин, бейөкмөт же эл аралык уюмдардын ишин чектебей турганын айтып келет.

Количество просмотров: 151