• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Депутат Токтошевди Конституцияны демилгелеп жаткандардын арасында макулдугусуз кошуп коюшкан

18 Жетинин айы 2020 10:58 Бишкек Govori.TV

Кечээ кечинде Кыргызстандын бардык аймагында референдумду 2021-жылдын 10-январына дайындоо боюнча мыйзам долбоору талкууга коюлду. Анда азыркы Конституцияны өзгөртүүнү Жогорку Кеңештин 80 депутаты демилгелегени жазылат. Ал эми депутат Эмил Токтошев демилгечилердин арасына өзүн кошуп коюшканын айтып, нааразычылыгын билдирди. Бул тууралуу ал социалдык тармактагы баракчасына билдирүү жарыялады.

«17-ноябрь түнү Конституцияны өзгөртүү боюнча референдум өткөрүү үчүн мыйзам долбоору Жогорку Кеңештин сайтына илинди. Ал жерде 80 депутаттын колу бар экен. Анын ичинде мени дагы кол койгон деп чыгарышкан. Мен долбоорго кол койбогонумду дагы бир жолу баса белгилейм. Баш мыйзамды өзгөртүүчү топко кирүүгө, процессти ичинен көрүүгө, долбоорду жазып жатканда парламентаризмдин позициясын коргоого, демилгелөө топко кирүү үчүн колумду койгом. Кечээ даяр долбоорду көрүп, ошол эле жерден өзүмдүн каршылыгымы айтып чыгып кеткем. Мен бир гана парламентаризмди колдойм жана бул позициямдан тайбайм!»,-деди депутат

Количество просмотров: 83