Бүгүн, 2-мартта Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Жусупбек Коргонбай уулу акыйкатчы кызматына талапкер Турсунбек Акунга кримтөбөл Азиз Батукаевдин түрмөдөн мыйзамсыз бошотулганына байланыштуу суроо узатты.
«Азиз Батукаевдин өлкөдөн чыгып кетишине канчалык моралдык жоопкерчилигиңиз бар? Эки жолу акыйкатчы болдуңуз, дагы акыйкатчы болом деп келиптирсиз. Алмазбек Атамбаев камакта отурат. Коомчулукта сизди чечен улутундагы жарандардан акча алган деген кептер бар. Бул боюнча өз оозуңуздан жооп угалычы», — деди депутат.
Турсунбек Акун: «Камактагы адам өлө турган диагноз болсо, аны туугандарына берүү керек деген норма бар. Дарыгерлер жыйынтыгынын негизинде гана бошотулушу керек деп айткам. Кийин ал оорубай эле дарыгерлердин бүтүмү жалган болгону маалым болду. Бул учурда ыңгайсыз болдум. Ал үчүн парламентте кечирим сурагам. Тергөө жүрдү, мен күбө катары калдым. Ал эми акча боюнча айтылгандар жалган жалаа, мени каралашты. Деген менен далилденген жок», — деди Акун.