• Шейшемби 14 Теке 2026
  • Вторник 14 Июль 2026

Депутат: Туура эмес желекти ким илсе, мыйзам чегинде жооп бериш керек

10 Үчтүн айы 202414:50 Бишкек Govori.TV

1-январда «Ала-Тоо» аянтына туура эмес желекти ким илсе, мыйзам чегинде жооп бериш керек. Мындай пикирин Жогорку Кеңештин депутаты Акылбек Түмөнбаев билдирди.

«Тууну Жогорку Кеңеш кабыл алып бердик, өзүңүздөр көргөндөй 8-январда ошол тууну барып көтөрдүк. Ага чейин кандай желек илингенин көргөн жокмун, анткени Ысык-Көлдө шайлоочуларым менен жолугушуп жүргөм. Бирок мен ар жерде мыйзамдуулукту айтам. Туура эмес желекти ким илсе, мыйзам чегинде жооп бериш керек»,-деди депутат.

Количество просмотров: 169