• Жекшемби 5 Теке 2026
  • Воскресенье 5 Июль 2026

Депутат Улукбек Ормонов Суталиновдун ишине көңүл бурууну өтүндү

4 Чын куран 201912:38 Бишкек Govori.TV

Бишкек. 04.04.2019. Govori.TV.

Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Улукбек Ормонов Жогорку соттун төрайымынан Мурат Суталиновдун ишине көңүл бурууну өтүндү.

«Акыркы мыйзамдар менен кодекстерде гумандуулукка басым жасалган. Ошондуктан анын оорусу өкмөттүн токтомуна туура келсе, ден соолугун эске алып сотторубуз гумандуулук кылса жакшы болмок», — деди Ормонов.

Эске салсак, 2010-жылы атайын кызматты жетектеген Мурат Суталинов апрель окуясындагы кан төгүүгө байланыштуу айыпталып, 20 жылга соттолгон.

Анын адвокаттары Суталиновду «өсмө (рак) оорусуна чалдыкканы жана дарты өтүшүп кеткени» жөнүндө дарыгерлердин корутундусуна таянып, абактан чыгарууну соттон өтүнүшкөн. 15-февралда Бишкектин Ленин райондук сотунун судьясы Бактыбек Сыдыгалиев Мурат Суталиновду абакта калтырган.

Количество просмотров: 14