«Унаасыз күн» акциясы толугу менен колдоого алына турчу демилге. Бул тууралуу «КСДП» фракциясынын депутаты Чыныбай Турсунбеков билдирди.
“Мен күнүгө жөө жүргөнгө даярмын. Эгерде бул демилге ишке ашып калса, ден-соолукка жана шаардын экологиясына оң таасирин тийгизет. Мамлекет, шаар жетекчилиги калаанын экологиясы менен көп иштебесе кырдаал курч”,-деп билдирди Чыныбай Турсунбеков.