• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Депутат Зарылбек Рысалиев ооруканага жеткирилди

7 Кулжа 201920:44 Бишкек Govori.TV

Бишкек.07.06.2019.Govori.TV.

Жогорку Кеңештин депутаты Зарылбек Рысалиев кримтөбөл Азиз Батукаевдин мыйзамсыз бошотулганына байланыштуу Ички иштер министрлигинде сурак берип жатканда өзүн жаман сезип, ооруканага жеткирилди. Ал ушул тапта Президенттин иш башкармалыгына караштуу атайын ооруканада кайтаруу алдында жатканы  белгилүү болду. Маалыматтар  боюнча, сурак маалында эл өкүлүн кармоо тууралуу протокол түзүлгөн.

Рысалиев бүгүн, 7-июнда саат 10:00дөн бери Ички иштер министрлигинде сурак берип жатканы кабарланган. Бирок ИИМдин басма сөз кызматы маалыматты ырастаган да, төгүндөгөн да эмес.

Количество просмотров: 73