• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Депутат Зарылбек Рысалиевдин учурдагы абалы айтылды

10 Кулжа 201914:39 Бишкек Govori.TV

Бишкек.10.06.2019.Govori.TV.

Жогорку Кеңештин депутаты Зарылбек Рысалиевдин абалы оор. Бул тууралуу президенттин иш башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, депутат жандандыруу бөлүмүндө жатат.

«Ал так сүйлөй алат, бирок, токтотулуп-токтотулуп. Эки жолу алган инсульттун кесепети дагы бар. Азыркы абалы стресс жана сахар диабетине дагы байланыштуу болушу мүмкүн. Эч нерсени божомолдой албайбыз», — деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, Зарылбек Рысалиев өткөн жумада ИИМде кримтөбөл Азиз Батукаевдин өлкөдөн чыгарылышы боюнча сурактан кийин ооруканага түшкөн.

Азиз Батукаев бошотулган жылы Зарылбек Рысалиев Жаза аткаруу кызматын жетектеген. Анын жардамчысы кримтөбөлдү учакка чейин коштоп барган.

Булак: 24.кg


Количество просмотров: 53