• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Депутат Жамгырчиев: ККМ орнотуу замандын талабы

15 Кулжа 202214:41 Бишкек Govori.TV

Жогорку Кеңештин депутаты Эмил Жамгырчиев ККМ орнотуу замандын талабы деген пикирде. Ал белгилегендей коомчулук буга эртели-кеч өтүүсү керек.

«ККМге коомчулук эртели-кеч келүүчү маселе. Себеби, бул замандын талабы. Бирок, эми өзүбүз байкап калдык бүгүнкү күндө биздин жарандар даяр эмес экен. Тийиштүү иш-чараларды жүргүзүү менен коомдун өзү ККМди алып келе турган деңгээлге жеткирүү керек», — деди депутат.

Белгилей кетсек, жаңы Салык кодексине ылайык, өлкө аймагындагы соода сатык, жумуш аткаруу, тейлөө субъектилери накталай жана накталай эмес эсептешүүдө милдеттүү түрдө ККМ колдонушу керек. Мындай милдеттүү талап 1-августтан тартып коюла баштайт.

Бир катар ири базарларда иштеген соодагерлер буга карата нааразылыгын билдирип, митинг-пикет өткөрүп келе жатышат.

Количество просмотров: 127