• Ишенби 27 Чын куран 2024
  • Суббота 27 Апрель 2024

УКМК Жамгырчиевдин камалышы боюнча маалымат берди

25 Үчтүн айы 2024 10:13 Бишкек Govori.TV

Жогорку Кеңештин депутаты Эмил Жамгырчиев Биринчи май райондук сотунун чечими менен камакка алынды. Бул тууралу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.

Маалым болгондой, буга чейин 2023-жылы 26-декабрда КР Башкы прокурору ЖК депутаты Э.Жамгырчиевге карата чек араны мыйзамсыз кесип өтүү фактысы боюнча кылмыш ишин козгогон.

Тергөөнүн жүрүшүндө Э.Жамгырчиев кылмыш ишинен жана башка кылмыш иши боюнча тергөө аракеттерине катышуудан качуу, ошондой эле Өзбекстандын жараны жана кримтөбөл Салимбай Абдувалиевдин колдоосуна ээ болуу жана ага жолугуу максатында 2022-жылдын декабрында Кыргызстандын мамлекеттик чек арасын мыйзамсыз кесип өтүп, Ташкентке мыйзамсыз кирген.

Учурдагы мыйзамдардын талаптарына ылайык, өлкө парламентинде КР Башкы прокурору депутатты кылмыш жоопкерчилигине тартууга макулдук берүү тууралуу сунуш киргизген.

Муну менен катар 2024-жылы 9-январда Э.Жамгырчиев кылмыш жоопкерчилигине тартууга макулдук берүү тууралуу маселени кароо боюнча депутаттык комиссиянын иши учурунда тергөө аракеттерине катышуудан качып, Жогорку Кеңештин терезесинен чыгып, качып кеткен. Ошону менен тергөө жүргүзүүгө атайылап тоскоолдук кылган.

2024-жылы 10-январда өлкө парламенти тарабынан Э.Жамгырчиевди кылмыш жоопкерчилигине тартууга макулдук берилип, КР министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары — УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев депутаттарды Э.Жамгырчиевдин Ташкентте кримтөбөл С.Абдувалиевге берген каты менен тааныштырып, ошондой эле аны кармоонун зарылдыгы жок экени айтылган.

Бирок Э.Жамгырчиевге карата козголгон кылмыш иши боюнча тергөө акыркы баскычта болгондуктан, ал кайрадан кылмыш жоопкерчилигинен качуу максатында коңшу республикалардын бирине мыйзамсыз чыгып кеткен, бул боюнча УКМКга тиешелүү ыкчам маалымат келип түшкөн.

Жогорудагы жагдайларды, андан тышкары Э.Жамгырчиевдин тергөөдөн жашырынып кетүүсүнө реалдуу мүмкүнчүлүктөр бар экенин эске алып, 2024-жылы 24-январда КР мамлекеттик чек арасынан мыйзамсыз өтүү фактысы боюнча ага айып таагылып, Биринчи май райондук соту тарабынан тергөө учурунда, башкача айтканда 2024-жылдын 26-февралына чейин камакка алуу түрүндөгү баш коргоо чарасы кабыл алынды.

Жогоруда белгиленгендей, Э.Жамгырчиевге карата козголгон кылмыш иши боюнча тергөө аяктоо алдында турат жана жакын арада бүтүп, сот органдарына жөнөтүлөт. Сотто анын күнөөлүү же күнөөлүү эместиги тууралуу чечим чыгарылат.

Количество просмотров: 471