• Дүйшөмбү 6 Бугу 2024
  • Понедельник 6 Май 2024

Депутат Жамгырчиев УКМКга суракка барды

12 Үчтүн айы 2024 20:00 Бишкек Govori.TV

Жогорку Кеңештин депутаты Эмил Жамгырчиев УКМКга суракка барды. Бул тууралуу атайын кызматтын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, Жамгырчиев адвокатынын коштоосунда сурак берип чыккан.

«2024-жылдын 10-январында өлкө парламентинин жыйынында бул иш боюнча депутаттык комиссиянын ишинин жыйынтыгын талкуулоо учурунда Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев депутат Жамгырчиев өз каалоосу менен тергөө органдарына келсе, кармалбай тургандыгын маалымдаган. Мындан тышкары, 2024-жылдын 12-январында УКМК Жогорку Кеңештин төрагасына жана «Альянс» парламенттик фракциясынын лидерине депутаттын тергөө амалдарына катышуусун камсыздоого көмөк көрсөтүү өтүнүчү менен кайрылуу жолдогон.
Ошол эле күнү Эмил Жамгырчиев УКМКга келип, ал жактоочусунун катышуусунда шектүү катары суракка алынган жана алардын катышуусунда дагы башка тергөө амалдары жүргүзүлүп, коё берилген»,-деп жазылат маалыматта.

Ага карата козголгон кылмыш иши акыркы баскычта жана жакында сотко өтө турганы кошумчаланды.

Эске салсак, 10-январда парламент депутат Эмил Жамгырчиевди кылмыш жоопкерчилигине тартууга уруксат берген. Ага «чек арадан мыйзамсыз өткөн» деген айып коюлган.

Жамгырчиев буга чейин чек арадан мыйзамсыз өтпөгөнүн айткан.

9-январда комиссия жабык жыйынында Эмил Жамгырчиевди кылмыш жоопкерчилигине тартууга уруксат берген. Ал эми депутат Жамгырчиев фракциялашы Нилуфар Алимжанованын иш бөлмөсүнө кирип, Жогорку Кеңештин имаратынын 2-кабатындагы терезеден секирип түшүп качып кеткени маалымдалган.

Кийин соцтармакта «депутаттын качып кетип жаткан учуру» деген видео тараган.

Количество просмотров: 376