• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

Депутат Жамгырчиев унаанын терезесин караңгылатуу мыйзамынын кемчиликтерин атады

16 Жалган куран 2022 16:23 Бишкек Govori.TV

Экономика жана соода министрлиги унаалардын алдыңкы терезесин караңгылатууга уруксат берүүнү сунуштоодо. 15-мартта парламент комитети унаалардын алдынкы эшиктеринин айнектерин караңгылатууга багытталган мыйзам долбоорун жактырды. Ал эми депутат Эмил Жамгырчиев унаанын терезесин караңгылатуу мыйзамынын кемчиликтерин атады.

«Мисалы, унаанын айнектерин караңгылатууга уруксат алган жарандын уюлдук телефон менен сүйлөшүп, коопсуздук курун тагынбоого мүмкүнчүлүгү пайда болот. Автоунаалардын терезелерин караңгылатуу уюшкан кылмыштуу топтор менен күрөшүүдө дагы тоскоолдук жаратат. Себеп дегенде унаанын эки капталы эле караңгылатылганда айдоочунун жүзү жакшы көрүнбөй калат. Жалпы жыйында дагы аталган мыйзам долбоорунун кемчиликтерин айтабыз, сунуштарды дагы бердик»,-деди ал.

Белгилей кетсек, унаалардын терезесин караңгылатууга 2018-жылдын 21-декабрында Өкмөттүн №601 токтому менен тыюу салынган. Бул токтомду жокко чыгарып, терезени караңгылатууну мыйзамдаштыруу демилгеси кайрадан көтөрүлүп, Жол коопсуздугун көзөмөлдөө кызматы, Ички иштер министрлиги, Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети, Тышкы иштер министрлигинин кескин сынына кабылгандан кийин ишти кароо токтотулган. Ошол кездеги өкмөт бул мыйзам «Коопсуз шаар» долбооруна залакасын тийгизерин жүйө келтиришкен.

Количество просмотров: 193