• Дүйшөмбү 6 Бугу 2024
  • Понедельник 6 Май 2024

Депутат Жамгырчиевге козголгон кылмыш иши жандандырылды

5 Бештин айы 2023 15:34 Бишкек Govori.TV

Жогорку Кеңештин депутаты Эмил Жамгырчиевге козголгон кылмыш иш кайра жандандырылды. Маалыматты Govori.TVга депутат өзү тастыктады.

Анын айтымында, убактылуу токтотулган иш жандандырылды.

«Иш көптөн бери сотто каралып жаткан, болгону Конституциялык палатага түшүндүрмө берүүнүн негизинде кароо убактылуу токтотулган. Бүгүнкү күндө жооп алынды»,-деди Жамгырчиев.

Жамгырчиевге козголгон кылмыш иши быйыл 26-июлда токтотулган

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет 2020-жылы ошол кездеги Каржы полициясынын жетекчисинин мурдагы орун басары Эмил Жамгырчиев жана өкмөттүк аппараттын башчысынын мурдагы орун басары Бактыбек Калмуратов пара алууга айыпталып кармалганын кабарлаган.

50 миң долларлык пара тууралуу айыптоолорду Жамгырчиев “ыплас ушак” деп атап, кийин мамлекетке 20 миллион сом төлөп, үй камагына чыккан. Жамгырчиев менен кошо кармалган Калмуратов дагы үй камагына чыгарылган. Экөө тең кийин Жогорку сотто акталган.

Былтыр 6-декабрда Башкы прокуратура аларды актаган сот чечимин жокко чыгаруу өтүнүчү менен Жогорку сотко кайрылганы, иш боюнча жаңы ачылган жагдайларга байланыштуу өтүнүч келтирилгени белгилүү болгон.

Количество просмотров: 144