• Ишенби 27 Чын куран 2024
  • Суббота 27 Апрель 2024

Күндүн ыргагы: Ак үйдөн качкан депутат талкууга түштү. УКМК Ташовду издеп жатат

10 Үчтүн айы 2024 18:09 Бишкек Govori.TV

ЖОГОРКУ СОТТУН СУДЬЯЛАРЫ ШАЙЛАНДЫ

Бүгүн, 10-январда Жогорку Кеңештин жыйынында депутаттар Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун судьялык кызматына шайлоо үчүн талапкерлерди карады.

Талапкерлер тууралуу маалыматты Президенттин жана Министрлер кабинетинин Жогорку Кеңештеги туруктуу өкүлү Алмасбек Абытов берди.

Анын айтымында, Жапаров Жогорку соттун судьялык кызматына шайлоо үчүн Элмира Байтикова, Эркинбек Мамыров жана Медербек Сатыевдин талапкерлигин сунуштаган.

Талкуунун жыйынтыгында депутаттар Элмира Байтикова менен Медербек Сатыевди Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун судьялыгына шайлашты.

Парламенттин тиешелүү токтому кабыл алынды. Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун шайланган судьялары парламентте ант беришти.

ЖАМГЫРЧИЕВДИ ЖООПКО ТАРТУУ МАСЕЛЕСИ

Бүгүн, 10-январда Жогорку Кеңештин депутаттары Эмил Жамгырчиевди жоопкерчиликке тартууга уруксат берди.

Комиссия төрагасы депутат Алишер Эрбаев Эмил Жамгырчиев 2022-жылы “Салимбай байбача” деген каймана ат менен таанымал Өзбекстандын жараны Салим Абдувалиевден колдоо алыш үчүн Кыргызстандын чек арасынан мыйзамсыз өтүп, жолукканын айтты.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев Жамгырчиев камакка алынбай турганын айтып, буларга токтолду.

Бул арада социалдык тармактарга Эмил Жамгырчиев парламенттин экинчи кабатындагы кабинеттин терезесинен секирип качты делген видео тарады.

9-январда айрым ЖМКлар Жогорку Кеңештин депутаты Эмил Жамгырчиев тергөөчүлөрдөн качып кеткенин жазып чыгышкан. «Азаттык» жарыялаган видео материалда Жамгырчиев өзүн кармаганы келишкенин айткан.

Мунун алдында Жамгырчиев ЖМКларга маалымат жыйын өткөрөрүн билдирген, бирок ал белгисиз себептерден улам өткөн эмес. Ал эми депутаттын учурда каякта экени белгисиз болууда.

ТАШОВГО ИЗДӨӨ ЖАРЫЯЛАНДЫ

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев ишкер Имамидин Ташовдун кайрылуусуна комментарий берди. Бул тууралуу ал 10-январда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Мейкинбек Абдалиевдин суроосуна жооп берип жатып айтты.

Ал буга чейин Ташов негиздеген “KG групп” компаниясы Бишкекке салган үйдүн жашоочулары имараттын документи бүтпөй, кызыл китеп ала албай жатышканын айтып УКМКга кайрылышканын, мунун негизинде Ташов камакка алынып, 52 миллион сом төлөп бергенин билдирди:

Ташиев бул кайрылуусунан кийин Имамидин Ташовго издөө жарыяланганын, ал баары бир кармалып, “төңкөрүш жасоого аракет кылганы үчүн” жоопко тартыларын билдирди.

Мындан соң Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети расмий маалымат таратып, ишкер Имамидин Ташовго карата алдамчылык боюнча 16 иш тергелип жатканын билдирди.

Сөз болгон Тилекмат Кудайбергенов — чет өлкөдө жүргөн активист. Ал социалдык тармактар аркылуу бийликтин ишин сындап келет.

9-январда социалдык тармактарга ишкер, “KG групп” компаниясынын негиздөөчүсү Имамидин Ташовдун кайрылуусу жарыяланган. Анда былтыр 27-декабрда УКМКнын кызматкерлери күч менен алып кетип, сегиз күн белгисиз жерде кармап турушканын айткан.

КӨЛБАЕВГЕ ТИЕШЕСИ БАР ДАГЫ БИР ЖАРАН КАРМАЛДЫ

Камчыбек Асанбектин (Көлбаев) кылмыштуу кирешелерин легалдаштыруу фактысына байланыштуу Кыргызстандын жараны кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Атайын кызматтын билдирүүсүнө караганда,  Жазык-процесстик кодексинин 222-беренесинин 3-бөлүгүндө (кылмыштуу кирешелерди легализациялоо (адалдоо)) боюнча каралган кылмышты жасаган деп айыпталып жаткан жаран үстүбүздөгү жылдын 8-январында УКМК тарабынан К.Асанбек тарабынан кылмыштуу кирешелерди легализациялоо (адалдоо) фактысы боюнча катталган сотко чейинки өндүрүштүн материалдарынын негизинде ыкчам- тергөө иш-чараларынын алкагындат кармалган.

Шектүү КР Жазык-процесстик кодексинин 96-беренесине ылайык, УКМКнын тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Белгиленгендей, аталган жаран  К.Асанбектин кылмыштуу аракеттерин билип, 2016-жылдан бери кылмыш жолу менен табылган акча каражаттарын мыйзамдуу деп көрсөтүү менен алектенип, ошондой эле К.Асанбекке таандык болгон бир катар  ири объектилердин курулушуна биргелешип катышкан. Тергөө уланууда.

ИНДИЯДА КЫРГЫЗСТАНДЫК КАЗА БОЛДУ

Индияда асынып алганы айтылган кыргызстандык 32 жаштагы аялдын сөөгү мекенине алып келинди. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлиги кабарлады.

Тышкы иштер министрлиги жана Кыргызстандын Индиядагы элчилиги бул окуянын чоо-жайынын иликтенишине дыкат көңүл бурулуп жатканын маалымдады.

Индиялык басылмалар жазгандай, кыргызстандык аял туристтердин тобу менен медиациялык программанын алкагында аталган шаарга 12-декабрда барган. Курс жыйынтыкталгандан кийин, 2-январда ал Holiday Home отелине жайгашкан, бирок эртеси дайынсыз жоголгон. Анын сөөгү Raj Resort мейманканасынан табылган.

Количество просмотров: 162