ЖК депутаты Эмил Жамгырчиевди кылмыш жоопкерчилигине тартуу маселеси боюнча түзүлгөн депутаттык комиссиянын төрагасы, депутат Алишер Эрбаев Жамгырчиевге “мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз өткөн” деген негизде Өзбекстанда да кылмыш иши козголгонун айтты. Эрбаев бул тууралуу бүгүн, 10-январда журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып билдирди.
Белгилей кетсек, Эмил Жамгырчиевдин иши боюнча түзүлгөн депутаттык комиссия аны жоопко тартууга макулдук берген. Жабык өткөн жыйында комиссиясынын 7 мүчөсү «макул» добуш беришсе, бирөө каршы болгон.
Эске салсак, 27-декабрда башкы прокурор Курманкул Зулушев депутат Эмил Жамгырчиевди кылмыш жоопкерчилигине тартууга уруксат сураган. Парламенттин төрагасы Нурланбек Шакиев эл өкүлүнө Кылмыш-жаза кодексинин “Мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз өтүү” беренеси менен айып тагылганын билдирген.