• Бейшемби 4 Кулжа 2026
  • Четверг 4 Июнь 2026

Депутат Жапаровдун COVID-19га тапшырган анализинин жыйынтыгы чыкты

19 Кулжа 202018:03 Бишкек Govori.TV

Жогорку Кеңештин депутаты Акылбек Жапаровдон коронавирус табылган жок. Бул тууралуу ЖКнын басма сөз кызматынын башчысы фейсбуктагы өздүк баракчасына жазды.

Белгилей кетсек, кечээ ЖКнын басма сөз кызматынын башчысы Ибраим Нуракун уулунан коронавирус инфекциясы табылган.

Анын айтымында учурда абалы жакшы. «Дене табым бир аз эле көтөрүлөөрү менен үйдөн чыкпай иштегеним эң туура кадам болгон экен. Эми жубайым, эки кичинекей баламдын анализи да жакшы болсо экен деп, Кудайдан тилеп олтурам», -деп жазган ал.

https://www.facebook.com/ibraim.nurakunuulu/posts/10157717963218264

Эске салсак, эл өкүлдөрү Каныбек Иманалиев менен Акылбек Жапаров коронавируска чалдыккан Жогорку Кеңештин басма сөз кызматынын жетекчиси Ибрагим Нуракун уулу менен байланышта болгонун жазып чыгышкан болчу.

Количество просмотров: 1254