Ички иштер министрлигинин академиясынын 24 жаштагы курсантынын өлүму тууралуу бүгүн ЖК комитетинин жыйынында депутат Жанар Акаев маселе көтөрдү.
Бишкекте жол кырсыгынан каза болгонун, аны машинасы менен сүзүп кетип, качып кеткен кишини сот үй камагына кое бергенин сынга алган депутат Акаев, Свердлов райондук сотунун мындай чечимине Жогорку Соттун жетекчилиги көңүл бурушу керектигин белгиледи.