• Жума 3 Бугу 2024
  • Пятница 3 Май 2024

Курсант кызды өлтүрө сүзгөн шектүү үй камагына чыгарылды

17 Үчтүн айы 2023 12:12 Бишкек Govori.TV

Бишкекте ИИМ Академиясынын курсантын өлтүрө сүзүүүгө шектелип кармалган айдоочу үй камагына чыкты. Мындай чечимди Бишкектин Свердлов райондук соту чыгарган.

Бул тууралуу Бишкек шаардык сотунун басма сөз кызматы маалымат берип, Свердлов сотунун чечими тууралуу комментарий берди.

«Жактоочу тарап соттолуучуда 5-стадиядагы бөйрөк оорусу, термикалык стадиядагы өнөкөт бөйрөк жетишсиздиги жана 2016-жылдан бери өнөкөт программалык гемодиализде экенин тастыктаган медициналык документтерди сотко көрсөткөн. Бул оорулар Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 20-июнундагы токтому менен бекитилген шектүүлөрдү, айыпталуучуларды камакка алууга тоскоол болгон оор оорулардын тизмесине киргизилген», — деп жазылат билдирүүдө.

Эске салсак, 9-январда болжол менен саат 07:10 чамасында айдоочу Жибек-Жолу проспектиси менен күн чыгышты көздөй бара жатып, Республика көчөсүнүн кесилишинен 1998-жылы туулган У.А. аттуу жөө жүргүнчүнү сүзүп, окуя болгон жерден из жашырып, белгисиз тарапка качып кеткен. Жол кырсыгынын кесепетинен жөө жүргүнчү окуя болгон жерден көз жумган.

Бул факты боюнча издөө иш-чаралары жүргүзүлүп, кылмышка шектүү катары Тойота үлгүсүндөгү унаанын 1974-жылы туулган айдоочусун кармалган.

Количество просмотров: 618