• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Депутат Жолдошбаевдин долбоорлору көп. Бирок, анын бири да эсинде жок

4 Аяк оона 201812:46 Бишкек Govori.TV
Бишкек 04.09.2018 Govori.TV.

«Өнүгүү-прогресс» саясий партиясынын депутаты Камчыбек Жолдошбаев каникул учурда чоң жумуш бүтүрүп, Жогорку Кеңешке дагы көптөгөн долбоорлор менен келгендигин айтты.

Бирок, алардын арасынан бирөөнө да токтолуп, так жооп бере алган жок. Анын айтымында мыйзам долбоорун айтып берүү үчүн кеңсесине кирип таанышуу керек экен. Себеби, кандай долбоорлор менен иштеп жатканы эсинде жок.

«Долбоор көп эми, анын баарын карап отуруш керек да. Айтыш керек. Мыйзам долбоору боюнча кабинетке кирсениз, баарын көргөзүп берем. Фракциясы жок эле иштей берсең болот. Жардамчылардын кызматы менен менен депутаттар менен бирге эле иш жасай берсе болот. Фракция депутаттары эч качан бири-бирине жардам бере албайт. Ар кимдин өзүнүн жумушу бар»,-дейт Камчыбек Жолдошбаев.

Количество просмотров: 73