• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Ырчы Чокоевдин программасы чуу салды

9 Үчтүн айы 2021 21:13 Бишкек Govori.TV

Эстрада ырчысы Курал Чокоев өзүнүн Ютуб каналына  жаңы программа чыгарган. Бул программасынын алгачкы чыгарылышына эле эл тарабынан терс пикирлер айтылып, ал тургай маданият өкүлдөрү: «Бул программа үчүн Курал Чокоевге Маданият министрлиги чара көрүшү керек», — деп жазып чыгышты.

Аталган программа 18 жаштан жогору инсандарга арналып, кыргыздын салт-санаасына туура келбеген, сөгүнгөн сөздөргө уруксат берилген.

Бул кыргыз жигиттеринин мындай кылыгына тезинен чара көрүү керек деген сунуштар айтылууда. Айрым радиолор Курал Чокоевдин ырларына байкот жарыялады.  Ошол эле учурда аталган долбоорду колдогондор да жок эмес.

Количество просмотров: 1177